super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго сөгүш жарыялады

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилерине сөгүш жарыялады. Анын билдиришинче, өлкөдөгү табигый кырсыктардын алдын алуу жана кырсыктан кийинки кырдаалдарды тезинен жоюу аракеттеринен майнап чыкпай жатат. Ошондой эле бир катар мамлекеттик кызматкерлерге айрым тийиштүү жетекчилерге эскертүү берилди.

Төмөнкү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды:

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго, Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды. Ошондой эле өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлчүлүктөрүнө, Ош облусундагы бир катар райондордун акимдердин орун басарларына да сөгүш жарыяланды.

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновага, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовго эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен 3-майына чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен жаратылыш кырсыктары катталган Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.

2017-жылдын 3-майында Ош шаарында өткөн селектордук жыйында премьер-министр тарабынан өкмөттүн аппаратына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана аны жоюуда аткарылбаган иш-чаралар тууралуу 10 күндүк мөөнөттө кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү сунуш берүү тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.05.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Согуш жарашпайт буларга, чокудан ары бир тартса турган жерлеринен.
12.05.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
урматтуу калайык калк чуй суусу бери жылса казактын чек арасы бери жылат деген туура эмесго. мен жолдон откон сайы торлорун бери жылдырып келетат. сууну бекер алып анан мындай кылган жапайычылык.
12.05.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу биздин атка минерлер чуй суусун нугун балыкчы шаарынын усту менен буруп суужетпеген жерлерге колдонсок болот. бул жерде тамагын ичейин табагына тукуройун болуп жатат. чуй суусу Бишкектин устунон болуп кала электе аракет кылуу керек.
12.05.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чуй суусунун нугун буруу керек казактарбы же дунгандарбы жакшылыкты тушунушбойт сынар. суу жабылганда кандай чек ара керектигин билишер.
12.05.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош областынын ыйгарым укуктуу окулун жана бир катар жетекчилер 24 адамдын олумуно жооп бериш керек?Эмне учун эскертуу берет кызматтан алынып жоопко тартылыш керек болчу?Окмот башчы эмне эркелетет аларды же озу койгон кадрларга тийипесе боло берет бекен?
12.05.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ бир кулагынан киргизип,экинчи кулагынан чыгарып жиберди да...дольше жүрө берет.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-12 17:54:42
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: