super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казак президентинин сүрөтү чапталган эски үйдүн эшигин полиция талкалап, бузуп кирди

 

Астанада сот аткаруучулар үйүн коргоо үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн дубалга илип алган тургундун турак жайын бузуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, үйүн бузууга каршылык көрсөткөн Несипкүл Уябаева полициянын аракетине тоскоолдук жаратуу максатында каалгага бензин чачып, кокустан колун күйгүзүп алган. Күч кызматкерлери үйдүн эшигин лом менен бузуп киришкен.

Уябаеванын үйүндө жети киши жашайт, алардын экөө кичинекей балдар. Жергиликтүү бийлик компенсация иретинде 4,7 миллион теңге (1 миллион 2 миң 860 сом) сунуштаган. Бирок үй ээси бийлик сунуштаган суммага башка турак жай сатып алуу мүмкүн эмес экенин айткан.

Маалыматка ылайык, июнь айында Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган “ЭКСПО” эл аралык иш-чарага даярдануу маселеси боюнча 21-апрелде өткөн кеңешмеде Казакстандын президенти Назарбаев Астананын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски үйлөр шаардын көркүн бузуп тургандыгын айтып, нааразычылык билдирген. Жергиликтүү басылмалар Несипкүл Уябаеванын үйү да алардын катарын толуктаарын жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.05.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Астананын борборунда эски уй болсо деле кымбат турса керек..кайра 7 кишиге ылайыктуу уйго кочуруш керек уй ала албаган акчаны сунуштап 7 киши жаш балдары менен кайда жашашы керек???же бомуж болушабы??оокат жайы мал салы болсо кайда кочот???
12.05.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
укугун ачыктан ачык тебелептир. коомдук укук коргоочулар не дээр экен
12.05.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башка уйго көчүрүп коюп, 10 жолу бузушпайбы ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: