super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууда эң негизгиси коркпоо керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жалпы республикалык тестирлөө же ЖРТны кантип ийгиликтүү тапшыруу керек?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эң негизгиси коркпоо, толкунданбоо керек. Сынак 90 пайыз логикалык болуп, формула, эрежелер өтө аз кездешет. Дагы бир нюанс - кыргыз тилине караганда орус тилинен суроолор жеңил болгондуктан орус группада окугандар жогорку балл алышат. Мурунку тесттердин бирикмеси болгон китепчелерди таап, ошолорго карап даярданууну сунуштайм".

"Ойду бир жерге топтоп белгилөө керек. Алды-аркаңды карай берсең да болбойт, алардыкы менен сеники окшош эмес. Жаныңда досуң же классташың менен сүйлөшкөнгө да болбойт, контролдоп, карап турушат. Көрүп калса баракчаңа Х кылып кетет. Бир Х - 20 баллды жок кылат дешкен. Эгерде кайсы окууга тапшырам деп башыңар катып жатса, негизги тестке кошумча предметтердин баарын кошуп тапшырып коё бергиле. Жыйынтык чыккандан кийин каалаган окуу жайга барып таанышып көрүп, дагы бир жолу так ойлонуп, окууга тапшырганга мүмкүнчүлүк болот".

"Бешенесинен деген туура эмес, көп болсо 120 же 130 балл алышың мүмкүн. Айтайын дегеним, ыктымалдык теориясы менен ашып барса 130га чейин алса болот. Ал эми 130 баллдан өткөнүн билим менен гана ала аласың. ЖРТ тапшыруучу досторума айтарым, кыргыз тилин үйрөнгүлө, анткени кыргыз тилге көп балл берилет. Математикадан 60 суроо болот, баарын туура иштеген учурда да эң көп 70 балл аласың. Ал эми кыргыз тилинен 90 суроо берилип, эгер баарын туура иштесең 175 балл берилет".

"ЖРТ тапшыра турган күнү аябай толкунданып, коркуу сезими болуп, жакшы тапшыра алган эмесмин. Азыркы акылым болгондо, чиркин, эч нерсеге карабай курстарга, репетиторлорго барып, даярданып бармакмын деп өкүнөм. ЖРТдан аз балл алып калгам. Кудайга шүгүр, үйдө отуруп калган жокмун, акча берип бюджетке өткөм. Быйыл 5-курсмун. Бирок силерге мындай жалкоолукту каалабайм. Эч нерсеге карабай окуп, даярданып "шапкасыз" өч күчүң менен окууга өтүп, мактанып отурганга эмне жетсин?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башында XXX жок болсо корккон коркпогондон не пайда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-14 23:36:08
14.05.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibek-0001, XXX дегенин не дегенин ийгилик калап кой
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-14 23:34:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: