Бишкекте алгачкы ирет "Куттуу шаарлар уюлу" форуму өтүүдө
Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада алгачкы ирет "Куттуу шаарлар уюлу" форуму өтүүдө. Ага Орусия, Швейцария, Испания, Казакстан, Латвия, Украина, Тажикстан жана Армения өлкөлөрүнөн келген урбанистика боюнча адистер жана Кыргыз мамлекетинин бийлик өкүлдөрү катышып жатат.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, форум шаарлардын ортосундагы кызматташтыкка көмөктөшүү максатында өтүп жатат. Форумда "Акылдуу шаарлар", муниципалдык кызматтар, экономикалык өнүгүү, турак жай курулушунун сапаты, муниципалдык менчикти башкаруу, архитектура жана башка темалар талкууга алынат.
Өлкөбүздөгү шаарларды өнүктүрүү жолдорун издеген форум эртең, 13-майда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















