super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президентке “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берилди

 

Бүгүн, 12-майда президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы тоо кен тармагындагы иштердин айкындуулугун мындан ары карай жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу, инвестицияларды тартуу жана геологиялык иштерди жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Өлкөдөгү ири тоо кен ишканаларынын иштери тууралуу баяндоо менен Дүйшөнбек Зилалиев “Кумтөр” долбоорундагы Кыргыз мамлекетинин экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү жана пайда болгон экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө президентке айтып берди.

Алмазбек Атамбаев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу, ошондой эле тоо кен ишканаларынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоонун зарылчылыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сатыбалдиевти кетиршпегенде жаны мекеме тузуп Кыргызстандын улушун жогорулатмак
12.05.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жеруйдун маселеси чечилеби? алтынды олкодон чыгарбай саталы дешет, иштеген кенди коюп Кыргызалтынга ошол алтынды элге сатканга жардам беришпейби?
12.05.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Солто-Сары деген жер кышында иштебейт. керектуу инвестиция менен жабдуулар жок. ошол жерди тууралап дергиликтуу элге жумуш берсе сонун болмок
12.05.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
инвестициялык климатыбызды ондогулачы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: