super.kg logo

Бишкекте дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркутуп, карактоого аракет кылган жаран кармалды

 

Бишкекте дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркутуп, карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 9-март күнү саат 20:30 чамасында болгон. Анда Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, сатуучуну бычак менен коркуткан. Сатуучу өз учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, белгисиз адам көздөгөнүн толук ишке ашыра албай качып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Ч.М. кармалды. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогон кооп кылмыштардын себеби шаарда иштеп жаткан лотерея,букмекер сыяктуу кумар ойундары.ошолорду жапса жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: