super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Нарын шаарында жаңы салынган жол бузула баштады

 

Нарын шаарында жаңы салынган жол бузула баштады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Окурмандын айтымында, Нарын шаарынын борбордук көчөсү бир-эки жыл мурун эле оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

"Бирок ага карабай жолдор тешилип, бузула баштады. Айдоочулар аңдардан качабыз деп, каршы тилкедеги унаалар менен сүзүшкөн учурлар болууда. Андан сырткары жолдун ортосундагы люктарды дагы жакшылап тегиздеп коюшкан эмес. Бул жол Нарын шаарындагы жалгыз негизги жол. Жалпы узундугу 18 чакырым. Негизги жол болгондуктан жыртык-тешиктерди бүтөп коюшса жакшы болмок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына бизде Окмоттун "иштин майын чыгара иштеп" жатканы. Бул биринчи же акыркысы эмес, миллиарддап акча коротуп салган жолдорубуз 1-2 жылга жетпей бузулуп жатканы. Манас аэропортуна кеткен жол да жыл айланбай ондолуп жатат. Ошто копуро, Мырзакматовду куноолоп бийлик озу курдурган копуро бир канча жолу ремонттон отту. Ушул сапатсыз копуро жолдорго жооп берчу эч ким жок, министр, Окмот же башкасы. Качан сапаттуу жолдор курулуп баштайт, белгисиз...
12.05.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол курушабы, копуро курушабы же башка нерсеби, айтор баарында ири коррупция бар. Тендерден бийликке кобуроок "доля" бере турган компания утуп алат. Мисалы Х жолун куруу учун мамлекет 500 миллион $ карыз алса, анын эч болбоду дегенде 200-250 миллион доллары "сол чонтокко" кетет. 50-100 миллион $ жол курган компаниянын кирешеси. Ошондо жол курууга 200 миллион $дай акча жумшалат болгону. Сапатсыз эптемей жол, 2-3 жыл эптеп чыдап бере турган...
12.05.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолдор канча бат бузулса, жол куруудагы коррупцияга тиешеси бар чиновниктерге ошончо жакшы, жолдор бат-баттан курулуп жанылана берет, аларга (корупционерлерге) ошончо коп акча тушуп турат чонтогуно. Канчалаган пайдалуу иштерге жумшалуучу акча максатсыз жумшалып жатканы менен алардын иши жок. Карапайым эл биртке акча учун жер кезип тентигени менен алардын чатагы жок, бузулган жолдордун айынан авариялар болуп коп адам каза таап жатканы менен алардын иши жок. Мына бугунку бийлик!!!
13.05.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздики болбой калдыго чондор андан коро ошол жолдогу таштарды жедириш керек буларга мына экиби же уч ай болгон Бишкектеги элебайева кочосун кочо кайра жазашты шалауылык да бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: