super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 13-майда ЖКнын тийиштүү комитетинде өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчёту угулат

 
Парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 13-майда өкмөттүн 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча отчётун угат. Анда негизги баяндамачы катары вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн былтыркы жасаган иштери тууралуу депутаттарга кеңири маалымат берет. Мындан сырткары Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, УКМКнын төрагасы Бейшенбай Жунусов, Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов өздөрү башкарган тармак боюнча маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: