Түркияда сойкулукка шектелип, 22 Кыргыз жараны кармалды
Түркиянын Анталия шаарында сойкулукка шектелип, 22 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сойкулукка бөгөт коюу иш-чарасынын негизине Гүзелоба районунда жалпы 78 чет элдик жаран кармалган. Стамбулдагы башкы консулдуктун алдын ала маалыматы боюнча кармалгандардын 22си Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз-келиндер.
Азыркы тапта алар Анталия шаарындагы Миграция башкармалыгынын бөлүштүрүүчү жайында кармалышууда. Жакын арада Кыргыз жерине депортация болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Кызынды ,эженди ,карындашынды тыйсан бул иштер болмок эмес
Адал акча тапсанар олосунорбу?
Акыретти ким ойлойт!
Турктордукунда коройлу деп