Бишкекте түндө тигүү цехи өрттөнүп, 30 тигүүчү машина жана 5 миң даана көйнөк күйүп кетти




13-майга караган түнү Бишкектеги Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде тигүү цехи күйүп кетти. Аны өчүрүүгө ӨКМнын 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тигүү цехиндеги өрт тууралуу маалымат саат 02:11де келип түшкөн. Фучик көчөсү 31 дарегиндеги "Акмарал" ЖЧКсынын тигүү цехинин 250 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Жалпысынан 30 тигүүчү машина, 30 стул, 5 миң даана көйнөк күйүп кеткен. Өрт саат 05:17де өчүрүлгөн. Кырсык болжол менен электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Балким кирешесинин зекетин бербегендир.
.Не кыласыңар билип билбей дөөрүп. бешенебизге кудай эмнени жазса ошону көрө беребиз