"Челси" футболдук клубу Англиянын чемпиону аталды



Англиянын Премьер-Лигасын лондондук "Челси" командасы багынтты. Чемпиондук бүтөрүнө 2 тур калганда Антонио Контенин командасы 87 упай топтоп 1-орунду камсыздашты.
36-турда "Челси" конокто "Вест Бромвич" менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңип алышты. Жеңиштүү голду Миши Батшуайи киргизди.
"Челси" акыркы жолу 2014-15-жылкы сезонунда чемпиондукту уткан. Быйылкы жеңиш менен Абрамовичтин клубу өз тарыхында 6-чемпиондугун багындырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Жениш артынан жениш болуп журо берсин!!!