super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: 12 жыл мурун Андижанда куралдуу көтөрүлүштү басуу убагында жүздөгөн митингчилер өлтүрүлгөн

 

Өзбекстандын Андижан шаарындагы куралдуу козголоң мындан 12 жыл мурун, 2005-жылдын 12-майынан 13-майга караган түнү башталган.

2005-жылы 11-февралда Андижанда тыюу салынган диний агымдын мүчөлөрү делген 23 жергиликтүү ишкердин үстүнөн соттук процесстер башталган. Айыпталуучулардын жакындары ишкерлер эч кандай диний агымдарга катыштыгы жок экенин айтып чыгышкан. Жеке ишкерлер кайрымдуулук иштерин көп жасагандыктан алардын аброю эл арасында жогору болгон. соттук отурумдар митингдер менен коштолуп келген.

13-майга караган түнү куралданган адамдар түрмөнү күч менен ээлешип, эки миң чамалуу кылмышкерлерди эркиндикке бошотуп жиберишкен. Козголоңчулар облустук администрацияны басып алышып, Андижанда баш аламандык башталган. Өзбекстан бийлиги 13-майда шаарга аскер киргизип, козголоңчулар менен күч органдары ортосунда кагылыштан кан төгүлгөн. Өзбекстандын расмий маалыматында Андижан окуясында 187 адам набыт болгону айтылат. Расмий эмес маалыматтар боюнча анда 800дөй адам каза болгон. Аскердик жазалоодон качкан миңдеген өзбектер Кыргызга келип баш паанек сурашкан.

13-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: