super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: ФИФАнын эл аралык калысы, Даңк медалынын ээси Бахадыр Кочкаров 47 жашка толду

 

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 13-майда Ошто төрөлгөн. Апасы мугалим, атасы таксист болгон. Токтогул атындагы мектепти, кийин ОшМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн. Кийин өз эрки менен аскерге кеткен. Аскерден келип 20 жыл Ошто футбол машыктыруучусу болуп эмгектенип, 1992-жылы 22 жашынан баштап Жогорку Лиганын калысы, 25 жашында Улуттук категориядагы калыс деген наамды алган. Ал эми 27 жашында ФИФАнын калысы деген расмий статусту алган.

Б.Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасына кирип, 2 Дүйнө чемпиондугунда (2010-жылы жана 2014-жылы) анын ассистенти катары кызмат кылган. Бул калыстар Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында эң көп оюнду тейлеген калыстар катары рекорд жаратышкан (9 оюн). "ЮАР-2010" Дүйнө чемпиондугунан кайтып келгенде Б.Кочкаровго "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" наамы берилген. 2015-жылы Даңк медалы менен сыйланган.

13-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: