super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте үстү ачык люк март айынан бери жабылбай турат

 

Бишкекте үстү ачык люк март айынан бери жабылбай турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Окурмандын айтымында, үстү ачык люк Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

"Мурун аны көрүп, айланып өтүүгө мүмкүн болсо, эми тегерегин чөп басып, ичине суу толуп калган. Кечээ маршруткага чуркап бараткан кичине кыз түшүп кете жаздады. Элдер кыйкырып жибергенинен бир метр жетпей токтоп калды. Бизде сөзсүз эле кырсык болгондо кыймылдап калышканбы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.05.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой бул дагы жакшы жабыгыраак экен биздин Караколдо кочонун чок ортолорунда аппачык люктар бар элдик кабарга кышында жонотсом чыгарбай койушкан..супер эмнеге чыккан жок???же корупцияябы бул дагы??жолдун ортосу 5 кабат 2 уйдун ортосу балдар ойноп тушуп кетпесин деп жашоочулар люктун тешигине..чырпыктан сайып тосуп алдык..
13.05.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озунор деле жаап койсонор болбойбу марттан бери карап олтурбай
13.05.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкегим бишкегим болбодун сеен
13.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Созсуз мамлекет жабыш керекпи ошону билет экенсин бир айдан бери ачык турганын жаап койбойсун ушул жерге алып чыкыча
13.05.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыларга иши жок окшойтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: