super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "Кыргызда жашоого ыңгайлуу, коопсуз, "акылдуу шаарларды" курууга кызыкдарбыз"

 

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Каталониянын Заманбап архитектура институтунун алдындагы шаар чөйрөсү лабораториясынын директору Висенте Гуайарт менен жолугушту. Бул тууралуу 13-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Акылдуу шаарларды" куруу тармагында иш алып барган архитектор менен жолугушууда Сапар Исаков "Таза коом" долбоору жөнүндө айтып берди.

"Биз Кыргызда жашоого ыңгайлуу, коопсуз, жарандардын кызыкчылыктарына төп келген "акылдуу шаарларды" курууну максат кылуудабыз", - деди Исаков. Ошондой эле Кыргыз мамлекети жарандар үчүн маанилүү болгон коомдук транспорт, унааларды токтотуучу жай, жарык берүү, жол чырактар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу тармактарга "акылдуу технологияларды" тез арада киргизүүгө кызыкдар экенин белгилеп өттү.

Висенте Гуайарт өз кезинде жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Сапар Исаков менен Висенте Гуайарт Манас проспектисинде жол жүрүп, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Маалымат үчүн: Висенте Гуайарт – 2011-2015-жылдары Барселонанын башкы архитектору болгон. Ал Guallart Architects бюросунун башчысы, Каталониянын алдынкы архитектура институтунун негиздөөчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: