super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери башталды

 

Бүгүн, 13-майда Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери башталды. Буга байланыштуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал энергетиктерди, жалпы Кыргыз элин өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВт`ка көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланат.

Премьер-министр Токтогул ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болуп саналарын жана Кыргыз үчүн стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди. Ал Токтогул ГЭСин модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкка алып келерин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков азыркы шартта энергетика тармагы өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн жана көз карандысыздыктын негизги факторунун бири экенин баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген жана өлкөдөгү эң ири электрстанциясы болуп саналат, кубаттуулугу 1200 МВтты түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.05.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Светти кымбаттатып жиберишти
13.05.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
700ваттан ашсале олдун да соруп алат
13.05.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тариф кылышса болмок. Кунуно 23киловаттан ашса эле кымбат эсептей баштайт. Андан коро 80-90тыйын кылып койсо болмок бир тариф менен.

Эл жакшы тушунбой жатат тарифти, айына 700киловатт эмес, кунуно 23 киловатт. Айына эмес, ар бир кунду озунчо эсептейт, жаны акылдуу эсептегичтерди койдурбагыла.

Ушундай кымбат тариф кылгандан кийин, жок дегенде тункусун арзанырак кылышса болмок. Качан эл которулгондо, чондор коздорун ачат окшойт
Va.vasm түзөттү 2017-05-13 20:56:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: