АКШда Күндүн укмуштуудай тутулушуна 100 күн калды

Укмуштуудай астрономиялык окуя - "Улуу америкалык тутулууга" 3 айдан ашуун убак калды. Ага 21-августта АКШнын бардык жашоочулары күбө болушат. Бул тууралуу илимий басылмалар жазышууда.
Күндүн тутулушу АКШнын батышынан чыгышына карай бардык аймагынан, Тынч океандан Атлантика океанына чейин өтөт. Окумуштуулардын айтымында, ошол маалда, күндүз эле Күн өчүп калгандай болот.
Акыркы жолу Күндүн мындай масштабдагы тутулушу АКШда 1918-жылы болгон. Күндүн тутулушу 1,5 сааттай убакытка созулат.
Ай Күн менен Жердин ортосунда туруп, анын көлөмү жылдыздын бетин жаап калчудай өлчөмдө болгондуктан, Жердин жашоочулары бул тутулууну көрө алышат. Ошол эле маалда "таажы" деп аталган Айдын айланасындагы жарыкты да көрүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Бул табигый нерсе, илгери бул нерсени тушунуп биле электе чала молдо дин бузарлар акыр заман жакындады деп элди коркутчу. Эми ал заман отуп кетти, бирок окунучтуусу ошондой адамдар дагы да бар экендигинде...