Ислам тилектештик оюндары: Дзюдочулар Кыргыз өлкөсүнө алгачкы медалдарды жеңишти
Бектур Рысмамбетов.


Бектур Рысмамбетов.

Отар Бестаев.
Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына алгачкы медалдарды дзюдочулар алып келишти.
60 килограмм салмакта татамиге чыккан мекендешибиз Отар Бестаев сириялык жана марокколук атаандаштарын жеңген.
Жарым финалда үй ээсинин дзюдочусуна утулуп, 3-орун үчүн беттеш жүргүздү.
Анда казак спортчусу Бауржан Жантаевди жеңип, коло медаль утту.
73 килограмм салмакта Бектур Рысмамбетов чейрек финалда утулганы менен 3-орун үчүн күрөшкө чыга алган.
Анда өзбек дзюдочусу Гийосжон Бобоновду жеңип, коло байгенин ээси аталды.
Ал эми кыз-келиндер арасында Ксения Бельдягина менен Мээрим Момунова өз салмак категорияларында 3-орун үчүн күрөшүп, жеңилип калышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
ekaterinburg

14.05.2017. 12:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсынар!Жоктон коро жогору!
grace

14.05.2017. 13:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Куттуктайбыз!
seni_suyom

14.05.2017. 14:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aittymlego uido batyr jodo joktor dep
Riokyrgyz

14.05.2017. 17:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seni_suyom,ошол сенби?правокатор ким канча толоп берди,ушундай терс билдируулоруно.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.