super.kg logo
  Саясат  

Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрондун инаугурациясы өттү

 

Бүгүн, 14-майда Франциянын Париж шаарында жаңы президент Эммануэл Макрондун инаугурациясы өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, буга чейинки президент Франсуа Олланд Макронду Елисей ак сарайынын босогосунан тосуп алды. Сүрөткө түшкөн соң алар экөө жабык эшиктин артында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президенттик кызматка киришүү аземи аяктаган соң Эммануэл Макрон Триумфалдык аркага барып, Белгисиз жоокердин мүрзөсүндө отту күйгүзүү аземине катышты.

Эскерте кетсек, 7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтүп, "Алга!" кыймылынын лидери Эммануэл Макрон мамлекет башчы болуп шайланган.

Эммануэл Макрон 1977-жылы 21-декабрда туулган. Учурда 39 жашта. Франциялык саясатчы, "Алга" саясий партиясынын лидери. Париж Х-Нантер университетинде, Саясий изилдөөлөр институтунда окуган. 1999-жылдан 2001-жылга чейин француз философу Поль Рикёрдун жардамчысы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары Экономика министрлигинде инспектор жана башка кызматтарда иштеген.

Макрон терроризм менен күрөшүүнүн башкы тарапташы, Палестинаны мамлекет катары таанууну колдобойт. Өлкөнүн атайын кызматын, армиясын жана милициясын каржылоону күчөтүү керек деген пикирди карманат. Франциянын тарыхында эӊ жаш президент болуп шайланды. Үй-бүлөлүү. 2007-жылы мектепте француз тили боюнча мугалими болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Брижит Троньёго үйлөнгөн. Мугалимин өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт. Брижиттин мурдагы никесинен 3 баласы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: