"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ошто аттракциондун кулашынан жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бүгүн, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында (Алишер Навои атындагы сейил багы - эски аталышы - ред.) жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсыктан улам жабыркагандардын төртөөсү Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Андан сырткары 4 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
"Кырсык болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Башкармалыктын жетекчилиги дагы болуп, жеринен таанышышты.Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу эртең кошумча маалымат беребиз", - дешти милициядан.
Оштогу паркта аттракцион кулап түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Бардык аттракциондорду карап эми текшеришет качан кулап кырсык болгондо.
Melis baikenin ketkenine kop boldu go
Айыгып кетишсин.
Жалалабаттын паркына кирсен эс албай эле башын ооруп чыгасын.
Бут эле жеке ишкерлерге болуп берип салган,тарак-турак,данка-дунк ж.б.
Азыраак эле салса болбойбу ушу
Т атракциондорду.