super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

150 өлкөнүн компьютерлерине болгон кибер чабуулдан хаккерлерге 42 миллион доллардан ашуун каражат которулду

 

12-майдан тарта болуп жаткан кибер чабуулдун уюштуруучуларына 42 миллион доллардан ашуун каражат которулганы менен, алар азыркыга чейин банктык эсептик номерлерден алына элек. Бул тууралуу Times басылмасы жазып чыкты.

Европалык полиция агенттигинин башчысы Роб Уэйнрайттын айтымында, кибер чабуулдар бүгүн да уланышы мүмкүн. Ошондой эле ал чабуул 150 өлкөнүн 200 миң колдонуучусуна залалын тийгизгенин кабарлады.

Күч түзүмдөр хакердик чабуулдан жабыркагандар каражат которуп жаткан 3 эсептик номерди көзөмөлдөп жатышканы маалым болду.

Guardian гезити зыяндуу программалык камсыздоо колдонуучуларга 3 күндүн ичинде талап кылынган 300 долларды төлөшпөсө, бааны 2 эсе көбөйтүү менен коркутуп, эгер 7 күндүн ичинде которушпаса, бардык файлдарды өчүрүп салуу менен коркутарын жазган.

Avast вируска каршы программалык камсыздоонун адистери WanaCrypt0r 2.0. вирусу менен 57 миң хаккердик чабуул болгонун кабарлашты. Алардын билдиришинче, вирус Орусия, Украина жана Тайванда жайылууда. Ал эми "Касперский лабораториясы" 12-майда 74 өлкөдө 45 хакердик чабуул аракети көрүлгөнүн кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: