super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштогу аттракцион жарактуу мөөнөтүнөн өтүп кетсе да, аны иштетүүгө белгисиз адам уруксат бергени белгилүү болду

 

Кыргыз мамлекетиндеги аттракциондорду текшерүү үчүн Өкмөт тарабынан атайын нормативдик акт кабыл алынган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркулов билдирди.

"Кайсы аттракцион болбосун, аны текшерүү үчүн нормативдик-укуктук акт керек. Анан ошонун негизинде, атайын методика менен аттракциондордун кандай иштеп жатканы текшерилет. Ал эми андай акт бизде жок. Регламентте бул мыйзам Бажы биримдигинин кароосунда турат. Эмдиги жылы май айында күчүнө кирет. Аттракциондорду нормативдүү колдонуу мөөнөтү 25 жылды түзөт. Бирок Оштогу аттракциондуку ал мөөнөттөн ашып кеткен. Андыктан биз аларга, "тыюу салганга укугубуз жок, бирок алардын ичине элдерди салбоону сунуштайбыз" деп эскертүү бергенбиз. Муну эске алышкан жок", - деди ал.

Ошондой эле Таалайбек Айдаркулов Оштогу кырсык тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады:

"Буга чейин Ошко Бишкектен белгисиз бир адам барып, "эч кандай коркунуч жок, аттракциондорду иштете берсе болот" деп уруксат кагазын жазып бериптир. Бул маселе боюнча бүгүн Ошко барабыз. Атайын комиссия түзүлөт, ал адамдын ким экендигин аныктоо үчүн каржы полициясына кайрылабыз, алар чара көрүшөт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.05.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оштогу бардык аттракциондордун эскилиги жеткен.
15.05.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акт жок.Силерге адам омурунон "акт" жогору турабы?"Акт" эмес "Акча" чечет десенер туура болмок.Чындыгы дагы ушул.Атракционду караган "озбектер", анан силер байыгыла.
15.05.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушунча болду Оштун Эли бут баарын ремонттотуп атында кыргызча койдуруп алгыла,
15.05.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Парктын атын озгортуш керек сартча атабай аны,мамлекет 5атраксион элдерге кызыктуу жакшысыдан койуп иштетпейби деген ой келетда бюджеткеда жакшы акча тушмок,конушу таджикистанда 5эн жакшы атраксион бар элдер тынбай чыгышат акча жакшы тушот ,аа ошто болсо баары эски жаш балдар учун еле атраксион болбосо чондорго кызыктуу ечнерсе деле жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: