super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 15-МАЙ: Балбан Арсен Эралиев 30га чыкты

 
Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Эламан Догдурбек уулу

Мындан 30 жыл мурун, 1987-жылы 15-майда балбан Арсен Эралиев Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Арсен Эралиев 2006-жылы Таиланддын борбору Бангкокто өткөн уландар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2007-жылы Филиппин өлкөсүнүн Манила шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, чемпион аталган. 2007-жылы Кытайдын Бээжин шаарындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгелүү болгон. 2008-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга арзыган. 2011-жылы Ташкенттеги чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда 55 килограмм салмакта чемпион аталып, алтын медаль тагынган. 2011-жылы Польшанын Рада шаарында Эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген. Арсен Эралиев Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, ошондой эле 2011-жылы Азиянын чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып келген.

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп, 5-орунду камсыздап, коло медалга бир кадам жетпей калган. Буга байланыштуу ал төмөнкүлөрдү билдирген:

"Мен 17 жыл бою спорт менен машыгып, дал ушул Олимпиада оюндарында медаль тагынууну максат кылгам. Ушунча жылдык эмгегим күйүп кетти десем болот. Эл ишенимин актай албаганыма ичим ачышып жаткан чагы. Акыркы күндөрү бөлмөдөн чыкпай жаттым. Даярдык жөнүндө эч жаман сөз айта албайм. Үй бетин көрбөй, көп убакыт сарптап, жакшы шарттарда машыктык. Мен утулганым боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам. Ушул себептүү элимден кечирим сурайм! Мени колдогон элимдин колдоосун сезип жаттым. Мага ишенгендер көп экенин билем. Эми мекенге кайтууга уятым чыдабай жатат".

2016-жылдын мыкты спортчусу аталган.

Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) 2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча балбандардын рейтингинде Арсен Эралиев 59 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 5-орунду алган.

15-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болду эми олимпиадага бара албай калат экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: