super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дин таануучу: "Якынчылар ислам дининин аша чапкан фанаттары"

 

Якынчылар ислам дининин аша чапкан фанаттары. Мындай маалыматты бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына дин таануучу Жамалиддин Хакназаров билдирди.

"Якын" деген сөз араб тилинен алынган. Мунун түшүндүрмөсү - ичтен, жүрөктөн берилип ишенүү. Ислам дининдеги өз алдынча бөлүнгөн агым. Ал өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери пайда боло баштаган. Бул агым Индиядан пайда болгон. Алар ислам динине аша чаап ишенишет. Ошол эле учурда муфтиятка, алардын койгон талаптарына баш ийишпейт. Алардын түшүнүгүндө Мухаммед пайгамбардын доорундагы жашоодой жашаш керек. Алар техниканын жана технологиянын өнүгүшүн кабыл кылгылары келбейт. Демек, якынчылар даваатка атайын унаа менен чыгууну туура көрбөйт. Муфтияттын документ иштерине макул эмес", - деди адис.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө якын агымын тутунгандарга муфтият тарабынан тыюу салынган. "Алардын аша чапкан аракеттеринин бири 14 кылым мурдагы Мухаммед пайгамбарга окшош жашоо. Ошол эле учурда алар Куран китебиндеги аяттарга ишенип амал кылышат. Бул агымдын өкүлдөрү сүннөт кийимдерин ашыкча узун кийип жүрүшөт", - деп билдирди Хакназаров.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы мечитте дин жолунда жүргөн адамдардын ортосунда чыккан мушташтын видеосу жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: