super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Облустардагы аттракциондор эрежеге ылайык иштеп жатабы?

 

Каракол шаары, Пушкин паркыКечээ, 14-майда Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Мындан улам "шаарлардын сейил бактарындагы аттракциондор текшерүүдөн өтүп турабы?" деген суроо жаралды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Жалил Сатаровдун айтымында, шаардагы сейил бакта пайдаланылып жаткан аттракциондордун көбү акыркы 10 жылда салынган.

"Жалал-Абад шаарындагы аттракциондордун баары ижарага берилип иштетилет. Шаардык мэрия аларды жай мезгили келгенде көзөмөлдөп турат. Пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткендери колдонуудан чыгарылган. Сейил бактагы аттракциондордун дээрлик бардыгы кичинекей балдар үчүн. Биз жакында бул жердеги курорттук зонага чоңдор үчүн дагы кышкы жана жайкы эс алуу жайын салуу боюнча долбоорду иштеп чыктык", - дейт Жалил Сатаров.

Ал эми Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы Жашылдандыруу чарбасынын директору Улан Ишенбаев аталган шаардагы аттракциондор 1975-жылы курулганын билдирди.

"Шаардагы Александр Пушкин атындагы паркта жайгашкан аттракциондор 4 жылдан бери аны ижарага алгандардын карамагында болгон. Быйыл келишимдин мөөнөтү аяктап, Жашылдандыруу чарбасына өткөрүлүү алдында турат. Маалыматтарга караганда, Караколдогу аттракциондор 1975-жылы салынган", - деди ал.

Токмок шаардык мэриясынын өкүлү калаадагы сейил бак аттракциондору менен "Аттракцион" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Евлас Закриевге таандык экенин билдирди.

"Мурда Мамлекеттик стандарт аттракциондорго текшерүү иштерин жүргүзүп келсе, азыр Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция контролдосо керек", - деди ал.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркулов аттракциондорду текшерүү үчүн нормативдик-укуктук акт керек экенин, бирок андай акт аларда жок экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.05.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин Кызыл-киядагы паркта дагы аттракциондор Эски болсо керек (
15.05.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы баардык эле аттракциондор эски талапка жооп бербейт
15.05.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан узулуп тушмойунчо иштете беришет акча таап аткандан кийин ошол ижарачылар ондоп жоопкерчиликти алышсын да,элдин убалы кимге???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: