Жалал-Абад облусунда элдин 87 пайызы санариптик телеберүүгө кошулду
Жалал-Абад облусунда калктын 87 пайызы санариптик телеберүүгө өттү. Бул тууралуу 15-майда облустук администрациядан билдиришти.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусунда санариптик телеберүүгө өтүүгө байланыштуу техникалык маселелерди чечүү үчүн оперативдүү штаб түзүлдү. Санариптик форматка өтүү боюнча облустук жумушчу комиссиянын төрагалыгына облус башчынын орун басары Ырысбек Ызабеков дайындалганы белгилүү болду. Жумушчу топто жалпы 8 адам бар.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы бүгүн, 15-майда толук түрдө санариптик телеберүүгө өттү. Санариптик сигнал жетпеген айрым айылдар 2017-жылдын августуна чейин өткөрүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Мен санарипти жыйнап коюп, спутниковый антенна көрүп атабыз.... Баластан көрбөй балдарга эле жаман болуп атат....