"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Көлдө Ош-Бишкек жолуна шагыл таштар түшкөнүнөн улам жабыркагандар жок



15-майда саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-400-чакырымдарында шагыл таштар агып түшүп, унаа жол жабылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан улам жабыркагандар жок. "Шагыл таштар түшкөн жердин эки тарабында биригип болжол менен 1000ге жакын унаалар топтолгон. Бүгүн, 16-майда саат 07:40 чамасында унаа жол бир тараптуу ачылды. Топтолуп турган унаалар толугу менен өтүп бүткөндөн кийин кеңейтип тазалоо иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, бүгүн окурман SUPER.KG порталына "Ош-Бишкек жолуна таштар түшүп, жүздөгөн унаалар өтө албай турушат" деп маалымат жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.