ӨКМ: "Өлкө аймагында 16-майдан 19-майга чейин нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт"
19-майга чейин өлкө аймагында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-майдан 19-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа кыймылын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















