super.kg logo

Бишкекте айдоочу үч жаштагы баланын бутун тебелеп качып кетти. Милиция аны 10 күндөн бери таба албай жатат

 

Бишкекте үч жаштагы баланын бутун тебелеп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Патрулдук милициядан билдиришти.

Жабырлануучу тарап менен сүйлөшкөнүбүздө, сүзгөн айдоочу “Жорго” такси кызматында иштеген көк түстөгү Фольксваген Гольф-4 унаасында болушу мүмкүн дешкен. Биз маалымат боюнча аталган такси кызматына барып сүйлөшкөнүбүздө, аларда Гольф-4 унаасы менен иштеген эки айдоочуну аныктадык. Бирок алар ошол күндөрү жумушка чыгышкан эмес экен. Чогулган материалдарды тергөөгө өткөрүп бергенбиз. Захарьев көчөсүндө айрым үйлөрдө видеобайкоо орнотулган экен, видеону алсак эле шектүүнү табабыз. Издөө уланып жатат", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, окуя 2017-жылдын 6-май күнү кечке жуук Бишкек шаарынын Захарьев көчөсүндөгү №52-үйдүн алдында болгон. Белгисиз айдоочу көчөдө ойноп жүргөн үч жаштагы баланын бутун унаасы менен тебелеп качып кеткен. Жабырлануучу баланын апасы Эльнура Ибраимова он күндөй убакыт өтсө да, милициялар кырсыктын себепкерин таппай жатышкандыгын айтат.

“Кырсык болгондон кийин кандай унаа тепсегенин сураштырбай эле баламды алып, №3-Балдар ооруканасына алып бардым. Баламдын бутунан жаракат алгандыгына байланыштуу ал жерден гипс коюшту. Ооруканадагылар окуянын чоо-жайын уккан соң милицияны чакыртышты. Алар кийин үйгө чейин келишип, көргөндөрдөн сураштырып, күбөлөрдүн айтуусундагы болжолдуу унааны такташты. Бирок мамлекеттик номерлерин эч ким көрбөй калыптыр. Ошондон бери 10 күн өтсө да, окуяны иликтеп жаткан милициядан кабар жок, телефон чалсам издеп жатабыз дешет, жыйынтыгы жок. Максатым - айдоочу жасаган ишине жооп берсин”, - деди жабырлануучунун энеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.05.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
3 жаштагы баланы кочого чыгарып койбой караш керек эле... Бул жерде ата-энеси куноолу!!! Балага кайдыгер болбой карап туруш керек...
16.05.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айдоочу эмес ата-энесине да чара коруш керек
16.05.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айдоочу да куноолу бар, бирок Ата энелер да жоопкерчиликтуу болсо дейм... Рульда жургондо коп эле кездештирем, балдарын карабай эле, ушакты алып атышкан болот келиндер, балдарын чуркап чыга калат ар бурчтан, айта берсен коп, анан эле Ким куноолу айдоочу куноолу, карагыла баланарды
16.05.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уч жашар бала коп нерсени билбейт.Кочогого оз алдынча чыгарбоо керек болчу.Башкы куноокор ата-энеси!
16.05.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айдоочу да баланын Ата Энеси да куноолу.баланын буту сакайып кетсин.
16.05.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдоочуда куно жок баланын ата энесинде телтейип телефон чукуп олтурса чыгатта жолго
16.05.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле машина жургон жолдо 3 жаштагы баланы кантип кароосуз койду байкуш бейкуноо наристени кыйнаганын кара..ата энеси же чонураак балдар жетелеп журуусу керек анан да машине жургон жолдо чонурак бала деле ойнобой эле койсо ата энеси жумуш уй деп карабайт да бизде ошондой тороп салып таштайбыз иштемей тытынып кортирилик кылмай..эх куноосуз наристеге жургум ооруду..
17.05.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала аман калганына да шугур кылыш керек ата эне .Мен 3 жаштагы эмес 10 жаштагы кызымды кочого ойногону чыгарбайм ойной турган болсо озум парктарга алпарып ойнотуп келем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: