super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат Жылдыз Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени президенттик аппарат карайт

 

Депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча расмий кат келип түшсө маселени президенттик аппарат карайт. Бул тууралуу 16-майда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди.

Журналист Үпөл Анаркулова 12-майда "КСДП фракциясынын өкүлү Жылдыз Мусабекованын журналистке карата мыйзамды тебелеп, зомбулук мамилесине өзүңүздөр баа берсеңиздер. Анын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым. Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын мындай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык деп эсептейм", - деп президент, ЖКнын төрагасы, парламенттеги Этика жана регламент боюнча комитет жана маданият министрине кайрылуу жасаган.

Айта кетсек, өткөн аптада КСДП фракциясында депутат Мусабекованын журналист кызды коркутуп, мазактаганы боюнча маселе каралары күтүлүп жаткан. Бирок эл өкүлү жыйынга келген эмес.

Апрель айынын соңунда Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова "сүйлөшүү телефонго түз жаздырылган, монтаж эмес" деп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.05.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жылдыз Мусабековага окшогон ХХХ адамдар акчанын кучу менен креслого жетип коркутуп уркутуусу барып турган ХХХ Оумот чара колдонуш керек
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-16 13:18:51
16.05.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимдин ким экени тиги суротто эле корунуп турбайбы. ХХХ турбайбы Жылдыз Мусабекова. Анын колунан келет баардык нерсе коркуш керек андай адамдардан. Ушундай адамдар бут кызматтарды акчасы менен ээлеп алганы учун Биз Кыргыз эли онукпой жатабыз.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-16 14:29:49
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: