super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Молдокелердин" мушташы болгон мечиттин имамы УКМКга чакыртылганын айтты

 

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы "молдокелердин" мушташы болгон мечиттин имамы УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мечиттин имамы Рахматулло Мурзатаев билдирди.

“Кечээ күнү мени УКМКга чакырышып, интернетке тарап кеткен видео боюнча сурак кылышты. Мен “бул мушташ мурда болгон болсо, милицияга эч ким арызданбаса, эмнеге мени чакыртасыңар?” десем, “видеодогу кишилерди уруп жаткан баланы тааныйсызбы” дешти. Чындыгында мен ал баланы тааныбаганымды, ошол күнү биринчи жолу көргөнүмдү айттым. УКМКдан кийин Чүй ОИИБине да чакырышып окуя боюнча менден сурашты”, - деди Мурзатаев.

“Мени быйыл кышында эле жергиликтүү жамаат "ушул жерге жакын жашайт экенсиз, сиз имам болуп намаздарды өтүп туруңуз" деп, оозеки эле имам кылып шайлап коюшкан. Азырынча мечитибиз да документтери жок болгондуктан, муфтиятка каттоого алына элек. Мечитти салдырган адамга кайрылып, документтерин берип каттатып коёлу деп жатабыз”, - деп кошумчалады мечиттин имамы.

Эскерте кетсек, аталган мечитте сакалчан, дамбалчан молдолордун мушташы интернетте көп талкууга алынды. Мушташкан адамдардын талашканы эмне экендиги түшүнүксүз, бирок оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бири экинчисин тепкилеп жатканын, калгандар ажыратууга анча деле аракет кылбаганын көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.05.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эркекчиликте боло берет андай мушташтар.Мынча саясатга айланттынар экен.
16.05.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
окмотко тушкон озгондукторго жардам акчаны бербеш учун элди алаксытып,кайра кайра.Анткени самолеттогу жук териштируудо кок кит мн эл алаксыган эле..
16.05.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек мечит эч кандай каттоодо жок болсо. Анан ушундай уруштарга жол берсе, акыйдасы башка агымдардыкы окшойт
17.05.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдолор элди ыйманга сабырдуулука чакырат,а бул молдолор лакылдап мушташып жүрсө чакырат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: