super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекке келген Вера Брежнева: "ВИЧ жугузуп алгандар дискриминацияга кабылбашы керек"

 

Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ боюнча бириккен программасынын ыктыярдуу элчиси, белгилүү орусиялык ырчы Вера Брежнева, аталган программанын аймактык колдоо тобунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Виней Салдана, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жана эстрада ырчылары, алпаруучулар Бишкекте бүгүн, 16-майда ВИЧ илдетинин көйгөйлөрүнө арналган маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин: "Акыркы 20 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган 7 миң адам катталган. 600гө жакыны 14 жашка чейинки балдар. Алардын ичинен 1634 адам (60ы балдар), башкача айтканда, ар бир төртүнчүсү каза болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык уюмдар, мамлекеттик структуралар, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык сектор менен бирге бул статистиканы азайтуу үчүн программаларды иштеп чыгып, аракетибизди жумшап жатабыз", - деп билдирди.

Ал эми популярдуу орусиялык ырчы, ыктыярдуу элчи Вера Брежнева бир катар өлкөлөрдөгү ВИЧ жана СПИД менен ооруган адамдар менен жолугушууларды жүргүзүп турарын айтып, адамдарды бул ооруну жугузуп алгандарга карата мээримдүү болууга чакырды.

"Көп мамлекеттерде ВИЧ-СПИД менен ооругандар башкалар тарабынан басмырлоого кабылып келет. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү дагы бар. Бул илдетке кабылган көпчүлүк ата-энелер балдары чоңоюп, мектепке барып калганда коомчулукка көрүнгүсү келбей, оорусун жадакалса жакын адамдарынан дагы жашырат. Ошондой эле кээ бирлери башкалардын басынтуусуна чыдабай башка өлкөлөргө дагы чыгып кеткен учурлар болот. Бул адамдардын дискриминацияга кабылуусуна жол бербешибиз керек", - деди ал.

Мындан сырткары ырчы ВИЧтин башка адамга кан аркылуу, корголбогон жыныстык катнаш, бул ооруга чалдыккан эненин сүтү аркылуу жугарын айтты. "ВИЧ кучакташып, өбүшкөн учурда, бул илдетке кабылган адам менен чогуу окуганда, жанына отурганда жукпайт. ВИЧти жугузуп алган адам убагында дарылана баштаса, кандагы вирустун саны көзөмөлдө болуп, аны башкага жуктуруу тобокели азаят", - деди Вера Брежнева.

Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча бириккен программасынынын аймактык колдоо тобунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Виней Салдана Бириккен Улуттар Уюмунун бул көйгөйдү чечүүгө багытталган программалары бар экенин, эл аралык уюмдар менен бирге ВИЧ-инфекциянын эпидемиясын токтотуу аракеттери активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

Жыйындын соңунда келген конокторго кыргыз эстрада ырчыларынын аталган илдетке кабылгандарды колдоо үчүн тартылган клиби көрсөтүлдү.

ВИЧ - адамдын иммун жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.05.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айымадан башка ырчы жок беле
17.05.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ulan2601,певица актриса дейби))))))
16.05.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айым не кылып жүрөт
17.05.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай тырранча десе Айыма секелек!!! Бул өзү мектепти бүткөнбү деги?
17.05.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbeck1983,оа буткон 1998жылкы
17.05.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы Вера
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: