Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси мындан ары бир катар өлкөлөрдөгү элчилик кызматты айкалыштырып иштейт
Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Дания, Норвегия, Швеция өлкөлөрүндөгү элчилик кызматты айкалыштырып иштөөгө Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев мындан ары Москва шаарында жайгашкан кеӊсесинде аталган өлкөлөрдүн элчилик кызматын айкалыштырып иштей баштайт.
Эске салсак, Отунбаев 2016-жылдын 9-мартында өлкөнүн Орусиядагы элчиси болуп дайындалган. Андан кийин быйыл 30-мартта кошумча ошого карата өлкөнүн Финляндиядагы элчиси болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

