КҮНСЕРЕП: Кыргызды каптаган кырсыкка ким күнөөлүү? Албетте, Акаев, Бакиев же Текебаев... (толукталды)
Бүгүн, 16-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Таза коом” бийликчил партиянын президенттик шайлоого алып чыкчу талапкери үчүн арналган үгүт кампаниясынын платформасына айланабы?” Дал ушундай суроо учурда аталган долбоордун тегерегинде талаштарды жаратып жатат. Бул маселеге коомчулук менен эл аралык демөөрчүлөрдүн көңүлүн буруп, биринчи коңгуроо каккан өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева “Таза коомдун” гранттык долбоор экенин айткан. Демек, бул долбоор бюджеттен каржыланбай, кайтарымы жок шартта берилчү донорлордун каражатына ишке ашканы турат (Маалымат үчүн: “Таза коом” – бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн концепциясы. Ал маалымат топтомунун жана санариптик кызматтардын ачык болушу, инфраструктураны куруу, адамдык потенциалды өнүктүрүү аркылуу аткарылат). Долбоордун баштапкы бөлүгүнө 50 миллион доллар керектелет. Хронологиялык тартипте алсак, “Таза коом” тууралуу биринчи билдирүү ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев тарабынан айтылган. Бир айдан кийин долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттүн алдында кеңеш түзүлдү. Долбоорду ишке ашыруу кеңешине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков тең төрагалыкта болот. Баш-аягы кеңеште 8 киши бар. “Долбоор боюнча биринчи жыйынтыкты өкмөт октябрда алууну күтүп жатат”, - деди ишенимдүү түрдө Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев. Бирок долбоордун мыйзамдуу бөлүгү даяр эмес. Мыйзам долбоорлору иштелип чыкканы менен, аны парламент карай элек. Парламенттин депутаттары жакында каникулга тарашат. Бакыт Шаршембиевдин айтымында, май айынын аягында БУУнун башкы катчысынын катышуусунда донорлордун маалымат жыйыны пландалууда. Айтор, “Таза коом” чагылгандай тездик менен бүтүндөй мамлекеттин машинасын тик тургузуп, биринчи жыйынтыгын октябрда алуу үчүн жан үрөп иштөөгө өттү. Ал эми октябрда президенттик шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Роза Отунбаева көтөргөн маселе жөндүү. “Таза коом” жалпы мамлекеттин өнүгүүсү үчүн керек. Ал бийликтин же оппозициянын талапкерине байланбашы шарт. Бирок долбоордун президенттик шайлоо алдында шашылыш башталуусу, өкмөт жана президенттик аппараттын биргелешип иштей баштоосу “Таза коомду” бийликтин атынан чыкчу талапкердин программасына айлантып жиберишпейби деген күдүк ойлорду туудуруп жатат...
Оштогу сейил бакта катталган кырсык жалпы өлкөдөгү эскилиги жеткен аттракциондордун кооптуу абалын көрсөттү. Иштеп жаткан учурунда кулап түшкөн каруселдин айынан 5 адам жабыркап, анын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бирок аттракциондорду көзөмөлдөө боюнча жоопкерчиликтүү мекемени издей келгенде, ал иш жүзүндө жок болуп чыкты. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркуловдун айтымында, Кыргыз мамлекетиндеги аттракциондорду текшерүү үчүн өкмөт тарабынан атайын нормативдик акт кабыл алынган эмес. Ал эми Ошто катталган кырсык боюнча шаардын мэриясы сейил бакты ижарага алган тарап милдеткер болчу деген келишимге таянууда. Учурда шаар башкармалыгы атайын комиссия түзүп, бардык аттракциондор техникалык стандарт жана коопсуздук нормаларына жооп берүүсү боюнча текшерилип жатат. “Өрттөн кийин” гана ойгонуу Кыргызга көндүм көрүнүш. Өрткө чейин ойлонуп, алдын алууга качан жетебиз?
Кайсы бир окуяларда кемчиликтер орун алса, мурун Акаевге, кийин Бакиевге шылтай коюу мода болуп калган эле. Бирок мындай шылтоолорго азыр эл алданбайт. Жыл башынан бери Кыргызды оголе көп кырсык тооруду. Айылга кулап түшүп, 35 жарандын өмүрүн алган Боинг учагы, чоңдордун да, балдардын да өмүрүн алган жол кырсыктары, жер көчкү, зилзала... Өткөн жылдагы Москвадагы басмаканадан чыккан өрт. Эми жөн эле иштей бербей аттракцион кулап жатат. Мунун баарын кимдир бирөөгө оодаруу керек. Бийлик жаңы “күнөөлүүгө” муктаж. Балким, ошондой ролду бүгүнкү күндө Текебаев аткара алмак?..
кошулду

