super.kg logo
  Саясат  

Былтыр өлкөдө 6 токой чарба директору иштен бошотулган

 
"Мыйзам бузгандыгы үчүн 2012-жылы 6 токой чарба директору иштен бошотулган",- деп билдирди 13-майда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Сабир Атажанов. Ал эми депутат Эркингүл Иманкожоеванын "аталган тармакта өзүнчө "мафия" иштеп калган, директорду иштен алса митингге чыгышат, ызы-чуу болбосун деп директорлор иштен алынбайт" деген пикирине кошулбай турганын айтты Атажанов.  "Андай нерсе жок, бир катар директорлор бошотулуп, айрымдары өз каалоолору менен кетишкен. Жакында башка директорлордун да кызматтык жоопкерчилиги тууралуу маселени карайбыз",- деген жооп узатты агенттиктин башчысы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: