“74 жаштагы пенсионерди зордуктаган” деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды
Жалал-Абадда “74 жаштагы пенсионерди зордуктаган” деп шектелип 22 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. Айтымында, жабырлануучу 1939-жылы туулган Т.З. аттуу пенсионер милицияга арыз менен кайрылган. Өз арызында 12-май күнү түнкү саат 02:00 чамасында бейтааныш адам өз үйүнөн зордуктаганын айткан. Окуя Аксы районунун Үч-Коргон айылында болгондуктан, ишти иликтөөнү Аксы РИИБинин кызматкерлери колго алып, ушул эле күнү кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Эрнис К. аттуу адамды кармашты. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

А тигини эшек, айбан, акмак, наадан дегенден башка аргам жок!