super.kg logo
  Саясат  

КРнын жана Тажикстандын Коргоо министрликтери биргелешип атайын иш-чара өткөрөт

 

Кыргызстандын жана Тажикстандын Коргоо министрликтери биргеликте аймактык коопсуздук коркунучуна жана жаңы чакырыктарга каршы туруу боюнча аракеттерди координациялоого багытталган иш-чара өткөрүүгө макулдашты. Мындай келишим 11-май күнү аталган өлкөнүн Худжан шаарында КРнын Коргоо министринин орун басары  Ильязбек Субанкулов жана Тажикстандын Коргоо министринин орун басары Рамил Надыровдун жолугушуусу учурунда түзүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик кызматташуу тууралуу талкуу жүргүзүшүп, быйыл эки өлкө биргеликте иш-чараларды алып баруу планына кол коюлду. “Биздин кызматташтыктын деңгээли бекемделип жатат, муну аталган планга кол коюу далилдейт”,- деп билдирди Субанкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: