super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуттук илимдер академиясы: "Кызматкерлер мамлекеттин айлыгына үй-бүлөнү эмес, өзүбүздү араң багып жатабыз"

 
Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев

Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун адистеринин айлык маяналары аз. Бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Жээнбаев эмгек акынын аздыгынан жаш кадрлар иштөө үчүн келбей жатканын айтып чыкты.

"Айыл чарба, медицина мунун баары биология илимине байланыштуу. Бүгүнкү күндө биздин институтка жаш кадрлар келбей калды. Ишти алга жылдырууда жылан, бака, кескелдирик боюнча адистер жок. Ал тургай бизде иштеген илимий кызматкерлер үй-бүлөсүн эмес, өзүбүздү араң багып жатабыз. Анткени айлык маянабыз аз. Жаңы окууну бүтүп келген кызматкерлер 1600-1800 сом айлык алышат. Бул акча менен 1 ай жашоо мүмкүн эмес. Ал эми лаборанттар айына 4-5 миң сом акча алат. Мындан улам бизге жаш кадрлар келбей калды. Учурда иштеп жаткандардын басымдуу бөлүгү улуу муундагы кызматкерлер", - деп билдирди Жээнбаев.

Маалыматка ылайык, аталган институтта 86 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 9 адам илимдин доктору, 25 кызматкер илимдин кандидаты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.05.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1800сом да айлыкбы
17.05.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1800сом 1күндө жок болот 18 000 болсо башка кеп эле.Ит да барбайт андай акчага
18.05.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жактан бир ай иштеп ошол акчаны алып жетпеген турмушта жашайт белек деп мыкты адистин баары чет жерге кетишти..мындай темпте кыргызстанда билимдуу адистер калбай калышы мумкун..1800-4000сом бир айда алгыча Москвада кочо шыпырса да 25-30мин рубль алып ишеп жаткандар жок эмес..эжем.бир эмес эки дипломду сандыкка салып койуп Садоводдо соода кылып отурат ардактуу кесип ээси болмок Сельхозинистутту жана литфакты окуп алып..айлык жакшы болсо ким кеткиси келсин Кыргызстандан..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: