super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Ыйман" фондунун өкүлү: "Аттестациядан өткөн 1400дөй имамдар стипендия алышат"

 

Окуудан жана муфтияттагы атайын комиссиянын аттестациядан өткөн мечиттердин имамдары стипендия алышат. Кыргызда алардын саны 1400гө жакын экенин 17-майдагы маалымат жыйында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, имамдар өзүнүн аткарган иши жана наамына жараша 5 миң сомдон стипендия алышат. Нуржигит Кадырбеков бул жакшы жыйынтык берип жатканын белгиледи. Маалыматка караганда бүгүнкү күндө 2300 диний кызматкерлер окуудан өтүшкөн.

Ал "Ыйман" фондунун негизги максаттарынын бири имамдарды окутуу экенин кошумчалады. Анын айтымында, фонд 10 миллион доллар суммасында Түркиядан келген гранттан каржыланат. "Бүгүнкү күндө бизге акча каражатынын биринчи бөлүгү, 5 миллион доллар бөлүп берилди. Бул акча стипендия берүүгө жана окуу куралдарын алууга жумшалат", - деди ал.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: