Салык кызматы ишкерлерди элдик көзөмөл аркылуу текшерет




Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди элдик көзөмөл аркылуу текшерет. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда маалымат жыйынында аталган мекеменин төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашев билдирди.
"Салык кызматы элдик көзөмөлдү активдештирүү жана жогорулатуу максатында, сатып алган товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн-режимде чектердин аныктыгын текшерет. Ал үчүн смартфон аркылуу чектердеги QR белгилерди сканерден өткөрсө чек канча суммага басылганы туурасында билүүгө болот. Эгерде смартфондо сканер тиркемеси жок болсо, интернеттен программаны жүктөп алыш керек. Бул ыкманы киргизүүбүздүн максаты - активдүү жарандарыбыздын аракети менен ак ниетсиз иштеп жаткан ишкерлерди ачыкка чыгаруу", - деди Кумашев.
"Эгерде текшерүү учурунда чек туура эмес болуп же чек жок болгон учурда салык кызматынын 194 телефон номерине билдирүү керек", - деп кошумчалашты мекемеден.
Салык кызматынын маалыматы боюнча, контролдук кассалык жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларында иш жүргүзгөн мекемелерге киргизилген. Биринчи кезекте унааларга май куюучу станциялар, 150 чарчы метрден көп аянтты ээлеген ооруканалар жана медициналык лабораториялар, 200 чарчы метрден көп аянттагы коомдук тамактануу жайлар, акча алмаштыруу жайлары киргизилет.
Чекти текшерүү жөнүндө түшүндүрмө


