"Ошто милиция Элдик курултайды өткөрүүгө тоскоол болуп, келген адамдарды таксиге салып үйлөрүнө жиберишти" дейт катышуучу
Бүгүн, 17-майда Ош шаарынын "Байсан" ресторанында өтчү Улуттук элдик курултайды өткөрүүгө милиция тоскоол болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чарага катышууга Ош облусунун айылдарынан келген жарандар билдиришти.
"Курултай саат 10:00дө башталмак. Ресторандын кире беришинде жарандык кийимчен милиция кызматкерлери иш-чарага келгендерден "каяктан келдиңиз?" деп сурап, таксиге салып кайра үйлөрүнө жиберишти. Бул иш-чарага Кара-Суудан, Өзгөндөн келгендер бар эле. Байкашымча, милициялар эч кимди кармап кеткен жок", - деди катышуучулардын бири.
Анын айтымында, курултайда элдик бийликти орнотуу, курултайды мыйзамдаштыруу, паспорттон "улуту" деген графаны алып салуу маселелери талкууланмак.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
scorp
17.05.2017. 16:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мамлекеттик саткындарда булар дагы элди коргоп журобуз дешип кайра элге тосколдук кылып тоношот!!!
Attila88
17.05.2017. 19:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Улуту дегенди жазыш керек.Россияда террак кылган [moderated]дер да кыргыз жараны болуп жатат.атасыбай батыштан гранд алыш учун улутту жокко чыгаруу аракетинде.мисалы озбекстандык кыргыз барып террак кылса озбек бийлиги сразу кыргыз улутундагы адам деп жазат.кантип бийликтин ушуга мээси жетпейт дейсин.жетиши го жетет.просто бийлик башындагылар накта кыргыз эмес.кыргыздын душмандары.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















