super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: 79 жыл мурун коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков жалган айып менен атылып өлтүрүлгөн

 

Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 18-майда коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков жалган айып менен атылып өлтүрүлгөн. Кыргыз жергесинде Совет бийлигинин орношуна чоң салымын кошкон Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы репрессияга кабылып, Туран” улуттук партиясынын мүчөсү” деп айыпталган.

1889-жылы Ферганадагы Охна айылында (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) төрөлгөн. Бала кезинен тарта Ферганадагы нан заводдо иштей баштаган. Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөшүү боюнча куралдуу топту жетектеген. 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеген. Көрсөткөн эрдиги үчүн ал Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Андан кийин Кыргыз автономиялуу республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы да болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин акталган.

17-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын биринчи президенти Абыкадыр Орозбеков
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: