super.kg logo
  Саясат  

УКМК Текебаевдин жактоочусунун даттануусу боюнча жооп берди

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чолпон Жакупбекованын даттануусу боюнча жооп берди. Жактоочу Текебаевдин ишин өткөрүп берүүдө бир катар мыйзам бузуулар катталганын айткан эле.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тергөө амалдары 25-апрель күнү аяктаган. "Жазык-процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык, айыпталуучулар Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго жана алардын жактоочуларына кылмыш ишинин материалдары таанышуу жана керектүү көчүрмөлөрдү алуу үчүн берилген. Бирок Текебаев, Чотонов жана жактоочулары тарабынан кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу создуктурулганына байланыштуу, тергөө органы 2017-жылдын 13-майына чейин кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга убакыт берип, андан кийин айыпталуучуларга бардык материалдардын көчүрмөлөрү берилген", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган. 4-майда Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган болчу.

16-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишин Башкы прокуратурага кароого жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: