super.kg logo

Таласта милициянын кызматтык унаасында жол кырсыгынан каза болгон милиционердин бир тууганы акыйкаттык издөөдө

 

Талас шаарында жумуш учурунда милициянын кызматтык унаасында жол кырсыгынан каза болгон Рустам Дүйшөналиевдин бир тууган агасы Агзам Дүйшөналиев маалымат жыйынын уюштуруп, ишти карап жаткан органдарга нааразычылыгын билдирди.

"Менин бир тууганым былтыркы жылдын 21-январында милициянын майору Бактыяр Жунусов айдап бараткан милициянын кызматтык унаасында жол кырсыгынан каза болгон. Ошол маалда унаада үч адам болгон. Жунусов өзү Бакай-Ата РИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Окуядан кийин иним Рустам алты күн Талас шаардык ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатып өзүнө келбей каза болгон. Эми муну жөн эле жол кырсыгы деп тим койгонго болбойт. Себеби булар кызмат учурунда милициянын унаасы менен баратып, жолдун четиндеги столбаны сүзүшкөн. Рулда бараткан Жунусов ушул күнгө чейин айдоочулук күбөлүк ала элек экен. Кантип айдоочулук күбөлүгү жок кишиге кызматтык унааны айдоого беришкен, түшүнүксүз. Бул факты боюнча "Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон, бирок ушул күнгө чейин күнөөлүү жазасын ала элек", - деди маркумдун агасы.

Козголгон кылмыш иши боюнча жыйынтык чыкпаган соң жабырлануучу тарап президентке кат менен кайрылганын билдирди. "Президенттик аппараттан жооп иретинде Жогорку сотко материалды карап чыгуу үчүн кат жөнөтүлгөн. Бирок ары-бери берилген тапшырмалардын соңунда кылмыш ишин кайра эле Талас райондук сотуна кароо үчүн келип түшкөн. Учурда Талас райондук соту Комиссиондук соттук авто-техникалык экспертизасына текшерүү жүргүзүү токтомун чыгарган", - деди Дүйшөналиев.






Кырсыкта каза болгон милиционердин агасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
17.05.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин сиздерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: