super.kg logo
  Саясат  

Анарбек Калматов: "Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча президент Алмазбек Атамбаевде гана саясий эрк бар"

 
"Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча президент Алмазбек Атамбаевде гана саясий эрк бар",- деди депутат Анарбек Калматов 13-майда Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында. Калматов ошондой эле коррупция менен күрөшүүгө жалпы элдин каалоосу жок деп эсептейт. 

 

"2012-жылы 214 жооптуу кызматкерге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде укук коргоо кызматкерлери, сот, прокуратура, фискалдык органдардын өкүлдөрү бар. Бирок 28 гана адам жоопко тартылыптыр, анан кантип иш жүрүп жатат деп айтабыз? Өлкө башчы коррупцияга каршы аёосуз согуш жарыялады, а бирок аткаминерлер эч нерсе жасабай жатат",- деди эл өкүлү. 

 

Өз учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев коррупция менен күрөшүүгө өкмөттө саясий эрк жетиштүү экенин баса белгиледи. Бирок буга депутат кошулган жок. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: