КСДП: Партиянын курултайы качан өтөрү белгисиз
КСДПнын курултайы качан өтөрү белгисиз. Маалыматты SUPER.KG порталына 18-майда партиянын штабынан билдиришти. "Азырынча курултай өтүүчү так дата аныктала элек" деген жооп болду.
Буга чейин КСДПнын кезектеги курултайы 2017-жылдын 19-майында өтөрү, анда быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого партиянын атынан чыкчу талапкер бекитилери айтылып жаткан. Курултайды 19-майда өткөрүү пландалып жатканын Жогорку Кеӊеште КСДПнын айрым депутаттары да билдиришкен эле.
Белгилүү болгондой, 17-майда партиянын саясий кеӊеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып чыгарууну чечти. Анын талапкерлиги эми партиянын курултайында бекитилиши керек. Курултайды 19-майда өткөрүү планы эмне үчүн өзгөрүп кеткени көпчүлүккө белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

