super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: 44 жыл мурун Орусияда учактын ичиндеги жардыргыч зат жарылып, 81 адам көз жумган

 

Мындан 44 жыл мурун, 1973-жылы 18-майда Орусиянын Чита облусунда Москва-Челябинск-Новосибирск-Иркутск-Чита каттамын аткарып жаткан Ту-104 учагында жардыргыч зат жарылып, 81 киши көз жумган. Учак Москвадан андан бир күн мурун учуп чыгып, Иркутск шаарына конгон учурда экипаж мүчөлөрү башкалар менен алмаштырылган. Учактын ичинде 72 жүргүнчү (алардын төртөөсү жаш балдар) жана 9 экипаж мүчөсү болгон. Учак радардан жоголуп кеткен соң анын сыныктарын Ми-8 тик учагы менен Читадан батышты көздөй 97 чакырым алыстан тапкан. Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, учак абада жарылып, андан соң асмандан анын сыныктары, адамдар жерге кулап түшкөн. Иликтөөчү комиссиянын жыйынтыгына караганда, учак 6500 метр бийиктикте, экипаждан учактын курсун алмаштырууну талап кылган кылмышкердин жардыргыч затты иштетишинен улам келип чыккан.

18-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: