Жогорку Кеңеште Канат Исаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңеште Канат Исаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаров, "Бир Бол" фракциясынан Улугбек Ормонов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов. Бул депутаттык комиссиянын курамы добушка коюлуп, 102 депутат "макул" деп добуш берди. Эч ким каршы добуш берген жок.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

