super.kg logo

Бишкекте 50-60-жылдарда курулган 2-3 кабаттуу имараттардын ордуна көп кабаттуу турак үйлөр тургузулат

 

Бишкектеги Лев Толстой, Алексей Фатьянов, Касым Тыныстанов көчөлөрү менен чектелген аймакка курулчу турак жайлардын долбоору боюнча бүгүн, 18-майда "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасында коомдук талкуу өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Буга чейин долбоор Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин отурумунда каралган. Долбоор иштелип жатканда 50-60-жылдарда курулган 2-3 кабаттуу имараттардын техникалык абалдары эске алынган. Алардын көпчүлүгү коопсуздук нормаларына жооп бербейт жана авариялык абалда. Буга байланыштуу ал үйлөрдү сүрдүрүү каралып, ордуна ашканасы башка бөлмөлөрдөн бөлүнбөгөн (батир-студия) көп кабаттуу турак жайларды салуу мерчемделген.

"Долбоор эрежелерге ылайык, эми коомдук талкуудан өтүшү керек болчу. Анда "Бишкеккурулуш" фирмасы долбоордун материалдарын көрсөтүп, жергиликтүү тургандар суроолорун узатышты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча жооптор кайтарылды. Жыйынтыгында, долбоор тургундар тарабынан колдоого алынды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.05.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер!!! Абдан жакшы болмок. Мына менин борбор шаарым деп эч тартынбай корсото алчу кун да келэээр...
akil.91 түзөттү 2017-05-18 21:10:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: