Атайын техникаларды сатып алуу үчүн ӨКМга 2 миллион доллар бөлүнөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды сатып алуу үчүн 2 миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу 13-майда ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди. Айтымында, Түркиядан келген насыянын эсебинен Транспорт жана коммуникация министрлигине 9,6 миллион доллар бөлүнгөн. “Бул каражаттын 2,4 миллион доллары үнөмдөлүп калган. Түркиялык насыя боюнча чараларды аткаруу комиссиясы бул каражатты ӨКМга атайын техникаларды сатып алуу үчүн бөлүү чечимин кабыл алды”,- дейт Байгончоков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

